ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХII заседаниеси
2011-жылдын 30-сентябры №22/4
Гагарин айылынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы жалпы элдик жыйындын № 7 протоколу жөнүндө
Гагарин айылынын айыл башчысы А.Жусуповдун билдируусун угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округуна караштуу Гагарин айылынын Кара-Талаа участкасынын 118 кмдеги эски кормоцехтин ордундагы жер ДЭПке берилбесин жана турак-жай куруу учун Гагарин айылынын тургундарына берилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун негизинде жер аянтын чектеп,тиешелуу иш кагаздарын даярдап беруу жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына,ошондой эле кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо болумунон суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айылдык округунун Кенешинин жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов
|