Редакцияот 14,12,2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын IХ заседаниеси

 

2011-жылдын 12-декабры №9/1

Жогорку органдардан келген документтердин, атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы жөнүндө

Кабылан-Көл айылдык округуна жогорку органдардан келген документтердин, атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы жөнүндөгү Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү депутат Назират Сагынбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап 

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кабылан-Көл айылдык округуна жогорку органдардан келген документтердин, атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Кабылан-Көл айылдык округуна жогорку органдардан келген документтердин, атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы боюнча өз мөөнөтүндө сапаттуу иш жүргүзүү айыл округунун тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Кабылан-Көл айылдык округунун башчысына тапшырылсын.

 

Кабылан-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ш.Акаев