КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын IХ заседаниеси
2011-жылдын 14-декабры №9/2
Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринин абалы жөнүндө Жер жана айыл чарба, экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы депутат М.Мадаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кабылан-Көл айылдык округунун жайыт комитетинин аткарган иштеринде бир топ кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин ишинин аткарган ишинде кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жөнгө салуу Жайыт комитетинин төрагасы А.Пусуровго милдеттендирилсин. 3. Жайыт комитетинин мындан ары өнүгүшунө көмөктөшүү жана эл арасында жайыт төлөмдөрүн төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштуруу айыл округунун башчысы Б.Садыковага жана айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Акаев
|