Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-декабры №9/5
Кабылан-Көл айылдык округунун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25- августунан № 01-13/223- буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жыл 21 октябрь № 188 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалдык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон мактаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын олтургузууу демилгесин колдоо максатында Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кабылан-Көл айылдык округунун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык канал жээктерине, үлүш жана там арык жээктерине жана плантация тибинде олтургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Кабылан-Көл айыл округунун тийиштүү иш – чара пландары бекитилсин.
2. Кабылан-Көл айылдык округдун калкын бир жылдык ишке жарамдуу жана отун продуцияга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында олтургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү ( саны ) тиркемеге ылайык бекитилсин( тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кылуу Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктууу комиссиясына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Акаев |