Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-ноябры №19/2
Жалпы мамлекеттик салыктардан жергиликтүү райондук бюджетке чегерилуучу салыктардын 2011-жылдын 9 айынын планынын иш жүзүндө аткарылышынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансы министрлигинин 21.06.2011-ж. №101-п - буйругу менен бекитилген усулдук көрсөтмөгө негиз жана 2011-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун жергиликтүү бюджетине киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салыктардын пландан ашыкча түшүүлөрү жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Р.Кыдырбаев, райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Толоновдун маалыматтарына негиз Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын райондун жергиликтүү бюджетинин 2011-жылдын 9 айында пландан ашыкча салыктардын түшүүлөрү боюнча корутундусуна ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана мунициалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечими менен берилген сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун «Кара-Кулжа районунун 2011-жылдын 9 айлык райондук бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалыматына ылайык жалпы мамлекеттик салыктардан жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү өлчөмдөрү 9 айдын планына салыштырмалуу ашыкча түшүүлөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2011-жылдын 9 айында райондук бюджетке салык агенти толоочу киреше салыгынан пландан ашыкча 352,5 миң сом жана сатуудан алынуучу салыктан 51,4 миң сом жалпы 403,9 миң сомдук пландан ашыкча тушуулорду эсепке алып, райондун социалдык-экономикалык муктаждыктарына чыгымдоо үчүн тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынаары менен (эсептешүү актысына жана каржылоого негиз) райондун жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү карап киргизү боюнча сунуш берүү депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана мунициалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Шалтаковго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын Кара-Кулжа райондук кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана мунициалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Шалтаковго милдеттендирилсин.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |