Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22- ноябры № 19/3
Райондун калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз тейлеп камсыз кылууда Кара-Кулжа райондук электр ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча ишкананын жетекчисинин отчету жөнүндө 2007-жылдын 22-сентябрындагы №7/5 токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндө
Райондук Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылдын 21-ноябрында жыйналышынын берген сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз тейлеп камсыз кылууда Кара-Кулжа райондук электр ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча ишкананын жетекчисинин отчету жөнүндө” 2007-жылдын 22-сентябрындагы №7/5 токтому айрым кемчилдиктерди кетирүү менен аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2.Кара-Кулжа районуна келип түшкөн электр энергияны сарамжалдуу пайдалануу, техникалык, коммерциялык жоготууларды азайтуу менен электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү, дебитордук карыздарды азайтуу жана калкты электр энергиясы менен тейлөө боюнча белгиленген кемчилдиктерди четтетүү үчүн жеткиликтүү иш жүргүзүү жагы Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Д.Кадырбердиевге сунуш кылынсын.
3. Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Д.Кадырбердиевден:
маалыматта белгиленген кемчилдиктерди четтетүү менен иш-чараларды иштеп чыгуу менен анын аткарылышы боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү;
пайдаланган электр энергиясы үчүн дебитордук карыздын суммаларын кыскартуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды төмөндөтүү боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүү;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү, электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуучуларды эл алдында уяткаруу менен калктуу конуштарда чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү;
пайдаланган электр энергиясы үчүн мөөнөтү өтүп кеткен карызы бар абоненттерди так жана дареги боюнча өчүрүп салууну уюштуруу;
бузулган трансформаторлорду убагында оңдоп ремонттон өткөрүп келүү, коюлган трансформаторлордун айланасын тосуу, керектүү материалдар менен камсыз кылуу;
калк менен тыгыз иштеген электриктерди жана конторолерлорду иштеринин мыйзамдуулугу боюнча окуу курстарын уюштуруу;
айылдык округдун кызматкерлери менен бирдикте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу айыл арасындагы электр линияларына тийип калган бак-дарактардан тазалоо иштерин жүргүзүү;
электр энергиясы боюнча калк тарабынан түшкөн суроо талаптарды аткаруу үчүн өз учурунда, мыйзам чегинде жеткиликтүү иш аракеттерди жүргүзүү менен турмуш шарты оор үй-бүлөөлөргө аяр мамиле жасоо жагы сунушталсын.
4. Айылдык округдарынын башчылары айылдардын ичиндеги калк пайдаланып жаткан ээсиз трансформаторлорду мыйзам чегинде райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |