Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-ноябры № 19/4
“Райондун аймагындагы жолдорду пайдаланууну жана жол курулуш иштерин жөнгө салууда №26 жол эксплуатациялоо ишканасынын жүргүзүп жаткан жетекчилик уюштуруу иштеринин абалы жөнүндөгү” 2006-жылдын 29-июнундагы № 3/2 – токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндө
Райондук Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылдын 21-ноябрында жыйналышынын берген сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун аймагындагы жолдорду пайдаланууну жана жол курулуш иштерин жөнгө салууда №26 жол эксплуатациялоо ишканасынын жүргүзүп жаткан жетекчилик уюштуруу иштеринин абалы жөнүндөгү” 2006-жылдын 29-июнундагы № 3/2 – токтому айрым кемчилдиктерди кетирүү менен аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. №26 жол эксплуатациялоо ишканасынын начальниги Ө.Курманбаев маалыматта белгиленген кемчилдиктерди четтетүү боюнча иш- чара түзүп, аны аткаруу боюнча кескин чараларды көрсүн.
3. №26 жол эксплуатациялоо ишканасы (Ө.Курманбаев), райондун аймагындагы бардык айылдык округдарынын башчылары өздөрүнө тийиштүү аймактарындагы автомобиль жолдорун өз учурунда ремонттоп, калыбына келтирүү иштерин сапаттуу жүргүзүп, жол кырсыктарын алдын алуу менен тийиштүү жерлерге знактарды коюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, .№26 жол эксплуатациялоо ишканасы (Ө.Курманбаев) менен биргеликте:
- жолдордун, көпүрөлөрдүн абалын жакшыртуу максатында конкреттүү иш-чараларды түзүп, жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдөн жана чет элдик донор уюмдарга долбоор жазып, кошумча каржы булактарын таап, же болбосо калкты уюштуруу аркылуу “Ашар” жолу менен ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоп түзөө иштерди колго алышсын;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайку автожолунун 46 километриндеги жардыруу аркылуу бүткөрүлө турган иштерди тез арада бүткөрүү;
5. Райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Ж.Чобоев:
- жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү толук жүргүзүшсүн;
- Райондун аймагындагы бардык автожолдорго жол эрежелеринин сакталышы боюнча белгилерди койдуруу иштерине көзөмөл жүргүзүү жагы жол кыймылын профилактикалоо, жол коопсуздугун сакталышын камсыз кылуу жана жол эрежелерин бузууну токтотуу боюнча мамлекеттик авто инспекция бөлүмчөсүнөн талап кылынсын.
6. Райондук Кеңештин депутаттары тарабынан бир нече жолу кайрылышкандарына көңүл кош мамиле жасап, туруктуу комиссиялардын кошмо кеңешмесине жана райондук Кеңештин сессиясына келбегендиги үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин жана жол коопсуздугун сакталышын камсыз кылуу жана жол эрежелерин бузууну токтотуу боюнча мамлекеттик авто инспекция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин эмгек тартибин кароо жагы райондук Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери , депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |