Редакцияот 22.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин он тогузунчу сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 22-ноябры № 19/5

Өз аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, жайыттарды иштетүүдө Кара-Гуз айылдык округунун башчысынын отчету

 

2011-жылдын 21-ноябрында болуп өткөн райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып, Кара-Гуз айылдык округунун башчысы Каденов Замирбектин отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өз аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, жайыттарды иштетүүдө Кара-Гуз айылдык округунун башчысы Каденов Замирбектин отчету айрым кемчилдиктери менен канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Кара-Гуз айылдык округунун башчысы З.Каденовго:

- кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, жайыттарды иштетүү жана пайдалануу боюнча эффективдүү иштерди жүргүзүү;

- айыл округунун жайыт комитетинин башчысын жүргүзгөн иштери боюнча калк алдында отчет бердирүү;

- кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин арендага берүү жана арендага берүүдөн каражаттарды көбүрөөк түшүрүүгө иштиктүү аракеттерди көрүү, бул багытта айылдык округдук Кеңеш менен биргеликте натыйжалуу иштерди алып баруу жактары милдеттендирилсин.

3. Райондун аймагындагы бардык айылдык округдардын башчыларынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу боюнча иштерди натыйжалуу жүргүзүү жактары талап кылынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Ж.Токтосунов) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

К. Алиязов