Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-ноябры № 19/6
Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18/1 – токтому жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун 13-пунктчасына ылайык Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрь – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө” № 18 – токтомун талкуулап көрүп Кара-Кулжа райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык округдук Кеңешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 18/1 – “Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңы мектептин курулушу жөнүндө”– токтому колдоого алынсын.
2. Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына (Э.Абдраев) жана райондук архитектура бөлүмүнө (Ж.Чобоев) Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңыдан курула турган мектептин курулушуна байланыштуу иш кагаздарын тез арада бүткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы жаңыдан курула турган мектептин иш кагаздарын бүткөрүүгө жумшала турган акча каражаттары Октябрь айылынын жашоочуларынын эсебинен төлөнө тургандыгы белгиленсин.
4. Кашка-Жол айылдык округунун Октябрь айылындагы элдик “Ашар” ыкмасы менен 1950-жылы курулган мектептин эскилиги жеткендигине байланыштуу анын ордуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаны мектеп куруп берүү жана жаңы мектептин курулушунун планын 2012-жылга киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы райондук Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери жана экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына ( торагалары А.Жолдубаев, З.Шалтаков) тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |