Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жыллдын 19-сентябры № 18\1
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (IV шайланган) экинчи бөлүгүнүн жыйналышы тарабынан кабыл алган 2008-жылдын 12-декабрындагы №1/2 – “Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламенти жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык райондук Кеңештин Регламентине айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (IV шайланган) экинчи бөлүгүнүн жыйналышы тарабынан кабыл алган 2008-жылдын 12-декабрындагы №1/2 – “Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламенти жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин . (Регламент тиркелет).
2. Өзгөртүлүп жана толукталып кабыл алынган депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин Регламенти депутаттардын райондук Кенеши, анын туруктуу, убактылуу комиссиялары, райондук Кенештин депутаттары, аппараты тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
3. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (IV шайланган) экинчи бөлүгүнүн жыйналышы тарабынан кабыл алган 2008-жылдын 12-декабрындагы №1/2 – “Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламенти жөнүндө” токтому менен кабыл алынган депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламенти жараксыз деп табылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К.Алиязов |