Редакцияот 09.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин кезексиз он сегизинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 19-сентябры № 18\2

 Кара-Кулжа райондук Кеңешинин аппаратына штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16- июлундагы - “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы № 452 – “Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык Кеңештерин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна негиздеп депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин аппаратына мурда кармалып келген катчы – иш кагаздарын жүргүзүүчү жана бөлмө тазалоочулук бирден штаттык бирдиктери сакталып калуу менен райондук Кеңештин эсеп иштерин жүргүзүү жагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын эсепчисине кошумча жүктөлсүн.

 2. 2009-жылдын 15-январындагы № 2/4 – “Кара-Кулжа райондук Кеңештин аппаратына жаңы штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө” депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин экинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышынын токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

К. Алиязов