Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-сентябры № 18\3
Кара-Кулжа районунун башкы архитектору Чобоев Жумалинин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа районунун башкы архитектору Чобоев Жумалинин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жөнүндө, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акимдин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун башкы архитектору Чобоев Жумалинин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү боюнча маселени райондук Кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын (төрагасы З.Шалтаков) жыйналышында карап, чечип берүү жагы сунушталсын.
2.Тийиштүү маалыматтарды камсыз кылуу жагы Кара-Кулжа районунун башкы архитектору Чобоев Жумали тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |