Редакцияот 19.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин  кезексиз он сегизинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 19-сентябры № 18\4

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басарын убактылуу кайра шайлоо

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык жана райондук Кеңештин Регламентинин 13-главасынын 13,4 пунктун негизге алып Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары № 1 – алты мандаттуу Таш-Кыя шайлоо округунан  райондук Кеңештин депутаты Айдаров Турсунбай азыркы убакта ооруп, райондук Кеңештин иштерине катыша албай жаткандыгына байланыштуу, анын ордуна депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп № 2 – жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты Алишов  Азамат шайлансын.

2. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта аткарат.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

К. Алиязов