Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-сентябры № 18\5
Кызыл-Жар айылдык округунун Кеңешинин – “Кызыл-Жар айылдык округунун Күйө-Таш айылындагы Кара-Кулжа райондук Р.Абдыкадыров атындагы балдар музыкалык мектептин филиалына, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, обончу жана аткаруучу Жеңишбек Шамшиевдин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө” – 2011 – жылдын 15- апрелде болгон кезексиз ХII сессиясынын жыйналышынын № 12/1 токтому жөнүндө
Кызыл-Жар айылдык округунун Кеңешинин – “Кызыл-Жар айылдык округунун күйө-Таш айылындагы Кара-Кулжа райондук Р.Абдыкадыров атындагы балдар музыкалык мектептин филиалына, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, обончу жана аткаруучу Жеңишбек Шамшиевдин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө” – 2011 – жылдын 15-апрелинде болгон кезексиз ХII сессиясынын жыйналышынын № 12/1 токтому боюнча райондук Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика коомдук уюмдардын , саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төагасы А.Жолдубаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап жана “Кара-Кулжа районунун аймагындагы билим, тарбия берүү, маданий, саламаттыкты сактоо, диний, спорттук мекемелерге жана көчөлөргө ат коюу жана алардын аттарын өзгөртүүнүн татртибин жөнгө салуу боюнча Жобого” негизденүү менен депутаттардын Кара-кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айылдык округунун Кеңешинин – “Кызыл-Жар айылдык округунун Күйө-Таш айылындагы Кара-Кулжа райондук Р.Абдыкадыров атындагы балдар музыкалык мектептин филиалына, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, обончу жана аткаруучу Жеңишбек Шамшиевдин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө” – 2011 – жылдын 15-апрелинде болгон кезексиз ХII сессиясынын жыйналышынын № 12/1 токтомун колдоого алуу менен Күйө-Таш айылындагы Кара-Кулжа райондук Р.Абдыкадыров атындагы балдар музыкалык мектептин филиалы мындан нары “Жеңишбек Шамшиев атындагы музыкалык мектеби” деп аталсын.
2. Кызыл-Жар айылдык округунун Күйө-Таш айылындагы Кара-Кулжа райондук Р.Абдыкадыров атындагы балдар музыкалык мектептин филиалы мындан нары “Жеңишбек Шамшиев атындагы музыкалык мектеби” деп аталгандыгына байланыштуу анын мөөрүн, штампын жасатууга уруксат берүү жагы райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Ж.Чобоевге, музыкалык мектептин аталышына ылайык жасатуу, иш кагаздарын жаңы аталышка ылайыкташтыруу жактары музыкалык мектептин филиалынын башчысына жана райондук Р.Абдыкадыров атындагы музыкалык мектептин жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Жар айылдык округунун Күйө-Таш айылындагы Кара-Кулжа райондук Р.Абдыкадыров атындагы балдар музыкалык мектептин филиалы мындан нары “Жеңишбек Шамшиев атындагы музыкалык мектеби” деп аталып калгандыгын эске алуу жагы Кара-Кулжа райондук маданият бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын маданият министрлигине сунуш кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу К.Самидиновго тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |