Редакцияот 19.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин IV чакрылышынын XХIV заседаниеси

 

2011-жылдын 19-декабри №24-4

Жошолу айылдык округуна караштуу соц. обьектилердин кыш мезгилиндеги абалы жөнүндө

Жошолу айылдык округуна караштуу соц. обьектилердин кыш мезгилине карата абалы жөнүндө айылдык округдун башчысынын орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл округка караштуу бардык мектептердин, мекемелердин бөлмөлөрүндө жылуулук сакталып, жумуш жана окуу процесси үзгүлтүккө учурабай журуп жаткандыгы белгиленсин.

2. Ш.Сатиев атындагы орто мектебинде класс бөлмөлөрүндө жылуулук нормадагыдай сакталбай жаткандыгы эске алынып, мектеп жетекчисинин жана чарбалык иштер боюнча жетекчисинин орун басарынын тийиштүү денгээлде иш жүргүзбөй жаткандыгы белгиленсин жана мындан ары мектепте жылуулукту нормадагыдай абалга келтирүү жагы мектеп директоруна жана чарбалык иштер боюнча орун басарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго милдеттендирилсин.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев