Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫЙ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабри №24-5
Кыргыз Республикасынын ОКМнин мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин №03-04-178 10.05.2011 жылдагы катына ылайык Кыргыз НИИПСССтин адистери тарабынан изделинип жыйынтыкталган инженердик техникалык (шифер 7-11) отчетунун негизинде айылдык округка караштуу Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин 1-корпусу жана 3–корпусу авариялык абалда болгондуктан окуу корпустарын бузуу жөнүндө
Жошолу айылдык округунун башчысы К.Торошевдин айылдык Кеңештин кезексиз заседаниесинде билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ОКМнин мониторринг жүргүзүү божомолдоо департаментинин № 03-04-178 10.05.2011 жылдагы катына ылайык Кыргыз НИИПСССтин адисте тарабынан изделинип жыйынтыкталган инженердик техникалык (шифер 7-11) отчетунун негизинде айылдык округка караштуу Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин 1-корпусу жана 3–корпусу авариялык абалда болгондуктан окуу корпустары бузулсун.
2. Аталган окуу корпустарынын жарактуу материалдары комиссиянын курамы менен сатылсын жана акча каражаты счетко төгүлсүн.
3. Счетко төгүлгөн 40 000 сом акча каражаты 2011-жылдын IV кварталынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн кошумча статьясына төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
Р- 709 ст. 31123290-40 000
4. Жогорудагы акча каражатын 2011-жылдын IV кварталында бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча статьясына киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдо бекитилген өзгөртүүлөрдү өз максатында чыгымдоо жагы айылдык округдун финансы бөлүмүнүн башчысы И.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин башчысы |
К. Алдашев |