Редакцияот 19.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык округунун кеңешинин IV чакырылышынын XXIV заседаниеси

 

2011-жылдын 19-декабры №24-6

Жошолу айыл округунун Кызыл-Булак айылына баруучу автожолун калыбына келтирүү иштерин жүргүүзүү үчүн ОКМден сурануу жөнүндө

Жошолу айыл округунун Кызыл-Булак айылына баруучу автожолду 2010-2011-жылдагы мезгилиндеги жааган оор кардын жана жазгы ношор жаандын кесепетинен сел алып жараксыз абалга келтиргендиги боюнча айыл башчы Матаев Т жана айылдык кенештин депутаты К.Умаровдун билдирүүсүн эске алып Кызыл-Булак айылына баруучу автожолун ремонттон өткөрүү максатында ОКМ тарабынан сурануу максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл округунун Кызыл-Булак айылына баруучу автожолду калыбына келтирүү иштерин  жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМнен суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жошолу айылдык

кенешинин төрагасы

 

К. Алдашев