Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры №24-7
Жошолу айыл округунун Аюу-Тапан айылындагы Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин коопсуздугун сактоо учун ОКМден сурануу жөнүндө
Жошолу айыл округунун Аюу-Тапан айылындагы Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин коопсуздугун сактоо үчүн тосулган 150 п м дамбаны сел алып, көөптүү абалды жараткан 2010-2011-жыл мезгилиндеги жааган оор кардын жана жазгы ношор жаандын кесепетинен сел алып жараксыз абалга келтиргендиги боюнча айыл башчы Матаев Т жана айылдык кеңештин депутаты К.Умаровдун билдирүүсүн эске алып, Аюу-Тапан айылындагы Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин коопсуздугун сактоо максатында ОКМ тарабынан сурануу максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл округунун Аюу-Тапан айылындагы Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин коопсуздугун калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМнен суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кеңештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев
|