Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры №24-8
Жошолу айыл округунун Осовиахим айылынын Талды-Булак сайына жакын жайгашкан элдүү пункуттарды селден сактоо жөнүндө
Жошолу айыл округунун Осовиахим айылынын Талды-Булак сайына жакын жайгашкан элдүү пункуттарды селден сактоо жөнүндө айыл башчы Сейитбеков жана айылдык кеңештин депутаты А.Иманахунов билдирүүсүн эске алып, Талды-Булак сайына келүүчү селге габион сетка менен дамба которуу максатында КР ОКМинен сурануу максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл округунун Осовиахим айылынын Талды-Булак сайынан келген селге каршы габион сетка менен дамба которуу иштерин жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМинен суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кеңештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык округдун ОКТЖКЧ боюнча жетектөөчү адиси Кебекбаевке жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев
|