ТоктомКүчүндө

Жошолу айылдык кеңешинин 2011-жылдын 19-декабрындагы №24-9 «Жошолу айыл округунун Кен-Жылга айылынын ички чарбалык эл каттаган көпүрөнү калыбына келтирүү жөнүндө» токтому

Редакция19.12.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык округунун кеңешинин IV чакырылышынын XXIV заседаниеси

 

2011-жылдын 19-декабры №24-9

Жошолу айыл округунун Кен-Жылга айылынын ички чарбалык эл каттаган көпүрөнү калыбына келтирүү жөнүндө

Жошолу айыл округунун Кен-Жылга айылынын ички чарбалык эл каттаган көпүрөнү калыбына келтирүү жөнүндө айыл башчы Абдылдаевдин жана айылдык кеңештин депутаты Айдаровдун билдирүүсүн эске алып, Кен-Жылга айылынын ички чарбалык эл каттаган көпүрөнү калыбына келтирүү максатында КР нын ОКМинен сурануу максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл округунун Кен-Жылга айылынын ички чарбалык эл каттаган көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин  жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМнен суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кеңештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык округдун ОКТЖКЧ боюнча жетектоочу адиси Кебекбаевке жүктөлсүн.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев