ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин IV чакрылышынын XХIV заседаниеси
2011-жылдын 19-декабры №24-10
Абдиев Торобек Жээнбековичке Жошолу айылдык округунун кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Жошолу айылдык округунун кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун жана Жошолу айылдык округунун элдик жыйынынын чечиминин , Жошолу айылдык округунун башчысынын сунушунун негизинде Жошолу айылдык округунун социалдык экономикалык денгээлин которүүдө жана айылдык округдун инфроструктурасын кеңейтүүдө кошкон зор салымы үчүн Абдиев Торобек Жээнбековичке Жошолу айылдык округунун кеңешинин “Ардактуу атуул“ наамы берилсин.
2. Абдиев Торобек Жээнбековичтин сүрөтү айылдык округдун Ардак тактасына илинсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айыл округдун жооптуу катчысы А.Абдиевага милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев
|