Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-ноябры №23/1
Кырыгз Республикасынын ОКМ маниторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин №03-04/178 10.05.2011-жылдагы катына ылайык Кыргыз НИИПСССтин адистери тарабынан изилденип жыйынтыкталган инженердик техникалык (шифр 7/11) отчётунун негизинде Жошолу айылдык округуна караштуу Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин №1, №3 авариялык абалдагы корпустарын бузуу жөнүндөгү Жошолу айылдык округунун 14-октябрь 2011-жылдагы №138 буйругуна ылайык аталган окуу корпустарындагы жарактуу материалдарды түзүлгөн комиссия курамы аркылуу бухгалтерия бөлүмү менен түзүлгөн аймактык калукуляциянын негизинде сатуу жөнүндөгү билдирүүнү карап чыгып, талкуулап
Жошолу айылдык округунун кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округунун 14.10.2011-жылдагы №138 буйругуна жана Жошолу айылдык Кеңешинин жер жана муниципалдык менчик жөнүндөгү комиссиянын корутундусуна ылайык Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин бузулган №1, №З корпустарынын жарактуу материалдары мекеме жетекчилеринин билдүүлөрүнүн негизинде акт жана мыйзамдуу документтерди түзүү менен комиссия курамы аркылуу айылдык округдун эсебине өткөрүлүп берилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Ашып калган жарактуу курулуш материалдар айылдык округдун бухгалтерия бөлүмү аркылуу калукуляпиянын негизинде кайрылган жарандарга комиссия курамы аркылуу мыйзамга ылайык аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык округ аркылуу түзүлгөн комиссия курамынын жана айылдак кеңештин жер жана муниципиалдык менчик жөнүндөгү туруктуу комиссияга милдетендирилсин. Ал эми козомолдоо жагы айылдык округдун башчысына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңештин төрагасы |
К. Алдашев
|