Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-ноябры №23/2
Георграфиялык обьектилерге аталыштарды ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, георграфиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү мыйзамдын негизинде ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча улуттук агенттиктин 30.09.2011-ж №01-16/283 катын карап чыгып талкуулап
-Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округунун аймагында георграфиялык обьектилерге аталыштарды ыйгаруу жана өзгөртүү географиялык ат берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын №6 статьясынын негизинде ишке ашырылсын.
2. Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 19/VIII-2008-ж №467 токтомуна ылайык айылдык округдун аймагында адамдардын ысмын географиялык обьектилерге ыйгарууга тыюу салынсын.
3. Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-ж № 467 токтомунун негизинде айылдык округдун аймагындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл башчыларга, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
5. Жогорудагы токтомду козомлго алуу жагы айылдык округдун жооптуу катчысы А.Абдиевага жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңештин төрагасы |
К. Алдашев
|