Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-ноябры №23/5
КРнын каржы жана экономика министрлигине Жошолу айыл округундагы «Пакиза суу» ИСКААКБсынын Аюу-Тапан, Орукту, Осоавиахим, Миязды, Жаны-Турмуш, Ленин-Жолу, Дк-Герек айылдарына таза сууну жөнгө салуу жана кенейтүү боюнча бул курулуштун жалпы суммасынын 5% төлөөгө макулдук берүү жөнүндө.
УГУЛДУ: Жошолу айыл округунун башчысы К.Торошев чыгып сүйлөп, сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду; таза сууну айыл округунун айылдарына берүү, бул адамдардын ден соолугуна өтө чон пайда келтирет. Ошондуктан жолдош депутаттар «Пакиза-суу» ИСКААКБнын курулушуна кеткен жалпы чыгымдын 5% келишимдин негизинде төлөп берүүгө макулдугуму беремин. Ошону менен эле бирге депутаттарга келишим тууралуу суроолорго жооп берди.
«Пакиза-Суу» ИСКААКБсынын Аюу-Тапан, Орукту, Осоавиахим, Миязды, Жаны-Турмуш, Ленин-Жолу, Ак-Терек айылдарына таза сууну жөнгө салуу жана кенейтүү боюнча бул курулуштун жалпы суммасынын 5% төлөө боюнча күн тартибиндеги маселени карап чыгып Айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Пакиза-Суу» ИСКААКБсынын Аюу-Тапан, Орукту, Осоавиахим, Миязды, Жаны-Турмуш, Ленин-Жолу, Ак-Терек айылдарына таза сууну жөнгө салуу жана кеңейтүү боюнча бул курулуштун жалпы суммасынын 5%ын КРнын каржы жана экономика министрлигине төлөө үчүн келишимдин негизинде айыл округу тарабынан макулдук берилсин.
2. «Пакиза-Суу» ИСКААКБсы өз убагында карызды курулуштун жалпы суммасынын 5% жана таза сууну жөнгө салуу жана кенейтүү боюнча эсептелген пайызды же карыздын бөлүгүн төлөбөй калса, анда Жошолу айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 %тин төгүү менен эсептешсин.
3. Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Торошевге кошумча кол коюу жана Республикалык-бюджетке 5% төгүү жагы милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңештин төрагасы |
К. Алдашев
|