Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-декабры №21/1
Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18 беренесинин 4 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы жашаган калкты таза суу менен камсыз кылууда суу комитеттеринин жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы жашаган калкты таза суу менен камсыз кылууда таза суу комитеттеринин башчыларынын жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери өз денгээлинде жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
2. Таза суу комитетинин башчылары А.Пачаров, К.Ибраимов, Т.Жарашбаев жана айыл башчылар:
-калкты таза суу менен өз денгээлинде камсыз кылуу, карапайым элдин сунуш талаптарын өз убагында канааттандырууга жетишип иштөө;
-калкты таза суу менен камсыздоонун абалы боюнча айылдык округдук кеңешинин ар бир сессиясында квартал сайын маалымат берүү жактары милдеттендирилсин;
-калкты таза суу менен камсыз кылууда учурдун талабына ылайык иштерди жүргүзүү жактары жүктөлсүн.
-мыйзамсыз суу тутукторун үйлөрүнө киргизип алган атуулдар үчүн 10 ООО (он мин) сом өлчөмүндө штраф төлөнсүн;
-суу тутукторун үйүнө киргизүүнү каалаган атуулдар үчүн төлөм акы 3000 (уч мин) сом өлчөмүндө белгиленсин;
-суу тутукторун үйлөрүнө Киргизии алган атуулдар суу акысын 2 (эки) эсеге көп төлөшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жаты Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Жолдошовго) жана Кара-Кочкор айылдык округунун башчысынын орун басары К.Кожомбердиевке тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык кеңештин төрагасы |
Т. Кайыпкулов
|