Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-декабры №21/3
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин башчысынын "Карызды конверсиялоо-11-Коммуналдык инфраструктура"(К.Д.К.И -11) долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топтун С.И.П. жана М.П.П. боюнча сунушун бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылдык округунун башчысынын "Карызды конверсиялоо-11-Коммуналдык инфраструктура" (К.Д.К.И-11) долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топтун С.И.П. жана М.П.П. боюнча сунушу бекитилсин.
2. Сунуштагы Ак-Кыя айылына спорт зал куруу үчүн эски мектептин ордунан проектиге ылайык жер бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрага А. Жолдошовго) жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов
|