Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын15 декабры №21/5
Кара-Кочкор айылдык округунун аймагында Токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Токой" кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чойрону көргөө жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы № 01-13/223-буйругуна , ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы №960-6 буйругуна жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 24-ноябрындагы №138 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагында токой системасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын өтүн продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо максатында Кара-Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык, канал жээктерине, улуш жана там арык жээктерине жана плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан тийиштүү иш-чара пландары бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айылдык округунун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияларга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык округунун Кеңешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты көргө боюнча туруктуу комиссиясына (төрага К.Тажибаевге) жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов
|