Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-декабры №21/8
Кара-Кочкор айылдык округунун Кара-Кочкор айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышы боюнча 5.03.1998-жылдагы №108 токтомунун негизинде Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин аймагындагы Кара-Кочкор айылынын көчөсүнө ат коюу боюнча элдик жыйындын 2011-жылдагы 3.08. №13 токтомуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясынын (1У-шайланган) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылдык округуна караштуу Кара- Кочкор айылынын элдик жыйынынын 3-август 2011-жылдагы №13 токтому бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айылынын тургуну Баймуратов Садыктын үйүнөн Молдалиев Жумабайдын үйүнө чейинки тик кеткен көчө Жороев Сыдык атындагы көчө болуп аталсын
3. Коюлган көчөлөрдү иретке келтирүү, көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди тагуу, көчөнүн бузулган жерлерин ондоо, шагыл төктүрүү жактары Жороев Сыдыктын баласы Сыдыков Аширга жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык округунун туруктуу комиссияларына жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов |