Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 2-апрели №17/1
Баш-Добо айыл округунун 2010-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Баш-Добо айыл өкмөтүнүн 2011-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн аткарылыш сметасынын долбоорун талкуулап чыгып, Баш-Добо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011 -жылга Баш-Добо айыл округунун кирешелер боюнча сметасы 7650,4 мин сомго ал эми сметалык чыгашалар боюнча 7650,4 миң сомго аткарылышы белгиленсин.
2. Баш-Добо айыл округунун 2011-жылдын бюджеттинитн кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жалиловго милдеттендирилсин.
3. Баш-Добо айыл округунун кайра бөлүштүрүү фондусунан тушкөн ижара төлөмү айыл өкмөттүн каражаты болуп эсептелинип, толугу менен айыл өкмөтүнүн кассасы аркылуу чыгымдалсын.
4. Баш-Добо айыл округунун 2011-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн болжолдуу планы бекитилсин.
5. Баш-Добо айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы 2011-жылдын биринчи жарым жылдыкта каралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, салык, инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баш-Добо айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Исаков |