Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11 -августу №13/2
Жоош айылдык кеңешинин 4-чакырылыш кезексиз 6-сессиясынын №6/1 18.11.2009-жылдагы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жоош айылдык округунун Большевик айылында жайгашкан бузулуп кеткен тепличный комплекстин жер аянты 21.2 га чыкпагандыгына байланыштуу Жоош айылдык кеңешинин 4-чакырылыш кезексиз 6-сессиясынын №6/1 18.11.2009-жылдагы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Жоош айылдык кенешинин айыл чарбасы, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин протоколун карап жана талкуулап Жоош айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Большевик айылындагы бузулуп кеткен тепличный комплекске тийиштүү болгон жер аянты на генералдык план түзүлүп чыккандан кийин жер аянты 21,2 га эмес 17,0 га чыккандыгына байланыштуу, Жоош айылдык кеңешинин 4-чакырылыш кезексиз 6-сессиясынын №6/1 18.11.2009-жылдагы токтомуна өзгөртүү киргизилсин. Ал эми 10,0 га жер аянтына 2005-жылы генплан түзүлүп тийиштүү иш кагаздары буткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, калган 7,0 га жер аянтына тийиштүү иш кагаздарын даярдап, тактап элге бөлүп берүүгө даярдоо жагы Жоош айылдык округуна милдеттендирилсин.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Утуров |