Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №14/2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларындагы ремонт иштеринин жүрүшүнүн абалы жөнүндө
№ 1 алты мандаттуу Большевик шайлоо округунун депутаты К.Майнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында жүргүзүлүп жаткан ремонт иштеринин абалы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Тамчы" (Кошокова Д.), "Акылман бобок" (Эргешова К.), "Байчечекей" (Назарова С.) балдар бакчаларынын жетекчилери, балдарды тарбиялоодо жеткиликтүү иш алып баруу, балдар бакчаларынын имараттарынын ремонтун толуккандуу сакталуусун көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3. Ата-энелерден алынуучу акча каражатын (родительский взнос) өз убагында топтоо жана, банк аркылуу кириштөө жагы Тамчы" (Кошокова Д.), "Акылман бобок" (Эргешова К.), "Байчечекей" (Назарова С.) балдар бакчаларынын жетекчилерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Утуров |