Редакцияот 16.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу району Жоош айылдык округдук Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы

 

2011-жылдын 16-сентябры № 14/3

Жоош айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы ''Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" №101 Мыйзамына ылайык жана Депутаттардын Кара-Суу райондук Кеңешинин 2011-жылыдын 11-августундагы №01/12-115 сандуу катын аткаруу максатында жана Жоош айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып депутаттардын Жоош айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.

2. Жоош айылдык кенешинин регламенти тиркемеге ылайык толукталсын.

3. Жоош айылдык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Гайыпов) айылдык кеңештин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жоош айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

 

А. Утуров