Редакцияот 16.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Карасуу району Жоош айылдык округдук Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы

 

2011 –жылдын 16-сентябры №14/4-1

Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Бирдик айылында 18.05.2011-жылда өткөрүлгөн Бирдик айылынын элдик жыйынынын протоколун кароо жөнүндө

Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Бирдик айылында 18.05.2011-жылда өткөрүлгөн Бирдик айылынын элдик жыйынынын протоколун кароо боюнча Бирдик айылынын айыл башчысы Ж.Тиллебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык округдук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Бирдик айылында 18.05.2011-жылда, үй салуу үчүн жер аянтын сурап жазган атуулдардын арыздарын кароо боюнча өткөрүлгөн элдик жыйынынын протоколун карап чыгуу жагы айыл, суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

 

А.Утуров