Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №14/4-4
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-уюмдардагы инвентарларды 2011-жылдын 1-июлуна карата өткөрүлгөн ревизиянын жыйынтыгынын негизинде жокко чыгаруу жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-уюмдардагы инвентарларды 2011-жылдын 1-июлуна карата өткөрүлгөн ревизиянын жыйынтыгынын негизинде жокко чыгаруу боюнча түзүлгөн актылардын негизинде жана Жоош айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып Жоош айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-июлуна карата Жоош айылдык округунда өткөрүлгөн ревизиянын жыйынтыгы менен түзүлгөн актылардын негизинде 48518 сом 29 тыйындык мекеме-ишканаларга тийиштуу инвентарлар жараксыз деп табылсын (жараксыз инвентарлардын тизмеси тиркелет).
2. 2011-жылдын 1-июлуна карата Жоош айылдык округунда өткөрүлгөн. ревизиянын жыйынтыгы менен түзүлгөн актылардын негизинде жараксыз деп табылган 48518 сом 29 тыйындык инвентарларды мекеме-ишканалардын балансасынан чыгаруу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кадыровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жоош айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Утуров |