Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 –жылдын 18-ноябры №15/1
Жоош айыл өкмөтүнүн 2011-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- экскаватор жана КАМАЗ самосвал автомашинасын сатып алууга каралган 1 млн 400,0 мин сом акча каражаты, маданият үйүнө 700,0 миң сом, Кызыл-Сарай айылына 200,0 мин сом, спорткомплекске 200,0 мин сом жана труба сатып алууга 300,0 миң сом.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кадыровага бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдү өз убагында аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Утуров |