Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-январы №16
Жоош айыл өкмөтүнүн, башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин регламентине ылайык депутаттар тарабынан сунушталган талапкерлерди талкуулап Депутаттардын Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин регламентине ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына Т.И.Матраимовдун жана А.Аматованын талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Бул токтом Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Утуров
|