Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-январы №16/2
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча комиссиянын курамына өкүл көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин регламентине ылайык комиссиянын курамына депутаттар тарабынан сунушталган талапкерди талкуулап Депутаттардын Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин регламентине ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына № 3 Беш мандаттуу Мамажан шайлоо округунун депутаты Н.Романова сунушталсын.
2. Бул токтом Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Утуров |