Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-апрели №12/2
Жоош айылдык округунун 2010-жылда бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Жоош айылдык округунун ФЭБ башчысы Н. Кадырованын докладын угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык округдук Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык округунун 2011-жылга карата каралган бюджета 28902,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин, бекитилген сметанын ичиндеги суммаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджет боюнча туруктуу комиссиянын макулдугу менен Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына уруксат берилсин.
2. Жоош айылдык округунун бюджетинин аткарылышын толу камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айылдык округдун салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 45, анын ичинен айыл башчылар 12, тейлөө кызматкерлери 7 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 7,5 штат анын ичинен 3 маданият кызматкери, тейлөө кызматкерлери 4,5 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жоош айылдык округунун бюджетинин чыгаша бөлүгү 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегеруу) каржылануусу белгиленсин
4. Жоош айыл Өкмөтүндөгү 2010-жылдагы жумшалбай калган акча каражаты 1472,1 мин сом кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
5. Жоош айылдык округунун киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын жыйынтыгы менен Жоош айылдык округдук Кеңешинин сессияларында каралсын. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Утуров |