Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры № 28/1
Корул айыл өкмөтүнүн бюджетинин I жарым жылдыкта аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча
Корул айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн бюджетинин I жарым жылдыкта ФЭБ башчысы Т.Абдыкадыровдун жүргүзгөн иштери эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 6 айлык планы айрым өзгөртүүлөрдүн негизинде 8842,2 мин сомго жеткизилген, ал эми 2011-жылдын 6 айында аткарылганы 8892,8 мин сомго, же болбосо 100 % га аткарылгандыгы, ал эми айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 7638,3 мин сомго, же болбосо 85,9%га аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн 2011-жыл ичинде такталган планын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы, ФЭБ башчысы А.Абдырахмановго, салык инспектору А.Абласановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге милдеттендирилсин.
Корул айылдык кенешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|