Редакцияот 24.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XXVIII заседаниеси

 

2011-жылдын 24-ноябры № 28/2

Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы жөнүндө

Корул айылдык Кенешинин заседаниеси

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы боюнча ФЭБ башчысы А.Абдырахмановдун жүргүзгөн иштери жактырылсын.

2. Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилерди отун-көмүр менен жетиштүү камсыз кылуу айыл башчылар У.Абдразаковго, К.Кожоевге, М.Арзиевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге тапшырылсын.

 

Корул  айылдык 

кенешинин  төрагасы

 

Т.Маназаров