Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-декабры №29/2
Корул айыл өкмөтүнүн аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Токой кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы №01-13/223-буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы №960-буйругуна жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жыл 21-октябрь №188 буйругуна ылайык айыл өкмөтүнүн аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо» максатында Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык, канал жээктерине, үлүш жана тамарка жээктерине жана плантация тибине олтургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Корул айыл өкмөтүнүн тийиштүү иш-чара пландарыбекитилсин.
2. Корул айыл өкмөтүнүн калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын каимсыз кылуу жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|