КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXIX заседаниеси
2011-жылдын 30 декабры №29/3
Корул айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Тынай Жылга жана Шоро-Булак участкаларына сел өткөрүүчү сайды тазалоо үчүн төмөндөгүдөй иштерди аткаруу боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Тынай-Жылга участкасына узуну 100 м, эни 60 м, тереңдиги 1м,6000м3 жана Шоро-Булак участкасына узуну 400 м, 3600м3, жалпы узуну 500м,9600м3 атайын сел өткөрүүчү сайды тазалап берүү жагы Алай райондук Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнөн суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жана өзгөчө кырдаалдар, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик боюнча башкы адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров |