Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №30/2
2011-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы жөнүндө Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жороевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландар толугу менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2012-жылга карата социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын квартал сайын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге тапшырылсын.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров |