КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXX заседаниеси
2012-жылдын 1-феврвлы №30/3
2011-жылга Корул айыл өкмөтүнүн өнүгүү планынын аткарылышын жана 2012-жылга айыл өкмөтүнүн өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2011-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жана индикативдик планынын аткарылышы жактырылсын.
2. Жамааттык уюмдардын демилгелеринде сунушталган негизги проектилерди (экономикалык, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө) карата Корул айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы 2012-жылга бекитилсин.
3. Корул айыл өкмөтүнүн 2012-жылга түзүлгөн өнүгүү планын ишке ашырууга уюштуруучулук иш аракеттерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, жамааттык уюмдун лидерлерине тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров |