Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №30/4
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренсинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Айла районунун Корул айылдык Кенешинин депутаттарынын XXX сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин.
-2012-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү;
-ири мүйөздүү мал бир баш үчүн 40 сом;
-кой-эчкилер бир баш үчүн 12 сом;
-жылкылар бир баш үчүн 40 сом;
-кирешелр жана чыгашалар сметасы (тиркелет).
Эскертүү: Эгерде башка айыл өкмөтүнүн чабандары, падачылары, элдери жайытты уруксаты жок өз алдынча пайдаланса, ар бир кой-эчкинин башына 20 сомдон, жылкы, уйдун башына 50 сомдон 100 сомго чейин төлөшөт.
3. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуш кылган бюджет сметасы 166384 /бир жүз алтымыш алты мин үч жүз сексен төрт/ сом менен бекитилсин.
4. Жайыт акыларды элдерден чогултуу үчүн, атайын төлөмдөрдү өндүрүүгө штаттар жок болгондуктан, келишим түзгөн адамдарга айлык акы үчүн өдүрүлгөн акчаны 20% эсебинде сметада каралган жайыт комитетинин төрагасынын айлык акы эсебинен төлөнүп берилсин.
5. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жайыт акы салыктарды жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жүктөлсүн.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|