Редакцияот 01.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXX заседаниеси

 

2012-жылдын 1-февралы №30/5

Корул айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы социалдак-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2012-2016-жылга айыл өкмөтүнүн өнүгүү планын бекитүү жөнүндө Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдин билдирүүсүн угуу, талкуулоо жөнүндө

Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жана индикативдик планынын аткарылышы жактырылсын.

2. Жамааттык уюмдардын демилгелеринде сунушталган негизги проектилерди (экономикалык, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө) карата Корул айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы 2012-2016-жылга бекитилсин.

3. Корул айыл өкмөтүнүн 2012-2015-жылдарга түзүлгөн өнүгүү планын ишке ашырууда уюштуруучулук иш аракеттерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, жамааттык уюмдун лидерлерине тапшырылсын.

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдин өз жоопкерчилигине милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Маназаров