Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-ноябры № 15/1
2011-чыгарылган Лада 21214 маркасындагы кузов № 2029996, кыймылдаткыч № 9438218 автомашинасын Райондук Кеңештин балансасына кириш кылуу жөнүндө
Алай райондук Кеңештин бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 300-0Д “Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү” Тескемесинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 5-октябрындагы Актысынын негизинде Бишкек шаарындагы ОсОО “Бишкек – Лада” ишканасынан сатып алынган 2011-жылы чыгарылган, кузов № 2029996, кыймылдаткыч № 9438218, көлөмү 1690, ак түстөгү Лада 21214 маркасындагы кызматтык автомашинасы (2011-жылдын 3-ноябрындагы № 118 накладной) баасы 496 430 (төрт жүз токсон алты миң төрт жүз отуз) сом менен Райондук Кеңештин балансасына кириш кылынсын.
2. Лада 21214 маркасындагы кызматтык автомашинасынын техникалык абалын кароо жана мамлекеттик мүлк катары сактоо көзөмөлдүккө алынсын.
3. Бул токтомду аткарууну камсыз кылуу райондук Кеңештин бухгалтериясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин аппаратына жана бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |