Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-ноябры № 15/2
Жошолу айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-августундагы № 21/3 токтому жөнүндө
Алай райондук Кеңеши Жошолу айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-августундагы № 21/3 токтомун, райондук мамлекеттик администрациясынын сунуш катын райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясы карап талкуулоосунун негизинде
Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2011-жыл тарыхый инсан Курманжан Датканын жылы деп жарыяландыгына карата Жошолу айылдык округунун Үч-Чат айылындагы № 10 айылдык китепкананын аты өзгөртүлүп, Курманжан Датка атындагы № 10 китепкана деп аталсын.
2. Жошолу айылдык округунун Үч-Чат айылындагы № 10 китепкананын аты Курманжан Датка атындагы № 10 китепкана болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу тийиштүү документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирип даярдоо Жощолу айылдык округунун башчысы К.Төрөшевге жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Р.Жаманкуловго милдеттендирилси.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |