Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-ноябры № 15/3
Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-октябрындагы № 9/1 токтому жөнүндө
Алай райондук Кеңеши Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2011-жылдын 11-августундагы № 21/3 токтомун, райондук мамлекеттик администрациясынын сунуш катын райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп талкуулоосунун негизинде
Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык округундагы Боз-Караган айылында жаңыдан курулуп жаткан ат майданы Алимбек Датка ат майданы деп аталсын.
2. Алымбек Датка ат майданына байланыштуу юридикалык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышын камсыз кылуу Коңур-Дөбө айылдык округунун башчысы Т.Жээнбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |