Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры № 16/1
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу Алай мамлекеттик администрациясынын жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери жөнүндө
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүп жаткан реформаларды турмушка ашырууда райондун калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн алдыга коюлган милдеттердин аткарылышына жетишүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ата мекендик жана чет элдик инвесторлор менен иштөөнү уюштурууга жетишүү. Райондун социалдык-экономикасын көтөрүү багытында экономикалык реформаларды тереңдетүү боюнча атайын иш программаларды иштеп чыгуу райондун аймагындагы мекеме ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп эсептелсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына экономикалык реформалардын шартында чарба жүргүзүү (менчиктин түрүнө карабастан) бардык субъектерге эмгек тартибин, аткаруучулук талапты күчөтүү ички жана тышкы резервдерди толук пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын экономикалык тартыштыкты калыбына келтирүү, киреше булактарын табуу жана табылган кирешелерди максаттуу пайдалануу багытында, Кыргызстанда жүрүп жаткан жаңылануу багытындагы программасында белгилеген милдеттерди жетекчилике алуу жагы тапшырылсын.
4. Кылмыштуулук, укук тартибин бузуулардын алдын алуу, коррупцияга бөгөт коюу жана болтурбоо максатында жергиликтүү жамааттарда, калктуу конуштарда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте жолугушууларды өткөрүү, укук бузуу фактылары боюнча калк арасында элдик жыйындарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жамааттык уюмдарынын, аксакалдар сотторунун, ыктыярдуу элдик кошундардын, коомдук алдын алуу борборлорунун иштерин жандандыруу айылдык округдардын башчыларына милдеттендирилсин жана укук коргоо органдарына сунушталсын.
5. Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын ишин жакшыртуу, маданиятты өркүндөтүү алардын базасын чындоо, эмгек жана финансылык тартип бузууларга жол бербөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |